Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолунун 6 чакырым аралыгы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бул тилкеде жер жумуштары кызуу жүрүп, асфальт басууга даярдыктар башталды.
Белгилей кетсек, жолдун оңдолушу аймактагы туризмди өнүктүрүүгө шарт түзөт.