Кара-Суунун Таш-Арык айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 15 Октябрь 2025 14:25
2.jpg
561174386_122188145228368081_2783728750337314109_n.jpg
561315365_122188145060368081_7945709804785062563_n.jpg
561344068_122188144928368081_7278422537945834404_n.jpg
562475716_122188144766368081_5824235283352736888_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Бүгүн Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында 50 орундуу "Таш-Арык" жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ачылыш аземине агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси "Таза-Көмүр" ЖЧКсы тарабынан каржыланып бүткөрүлдү.

Жаңы бакча бир кабаттуу, ичинде балдар үчүн бардык заман талабына жооп берген шарттар түзүлгөн. Сыртында оюн аянтчалар жана көлөкө чатырлар жайгашкан.