Кара-Суунун Кыргызстан айылында жаңы мектептин курулушу аяктады

Аймак 11 Август 2025 13:34
whatsappimage20250811at1038251-5106899787e36da40.17214800.jpg
whatsappimage20250811at1038292-8036899787e373c59.50744777.jpg
whatsappimage20250811at103825-2896899787e397281.06672420.jpg
whatsappimage20250811at103828-6046899787e386516.53259652.jpg
whatsappimage20250811at1038281-7776899787e38ebb7.09111902.jpg
whatsappimage20250811at1038282-7486899787e38b3c4.09061436.jpg
whatsappimage20250811at1038283-7286899787e378a92.20433100.jpg
whatsappimage20250811at1038291-7446899787e3929c1.47714017.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстан айылындагы көп жылдан бери курулушу бүтпөй келген №31 О.Курбанбаев атындагы мектеп бүткөрүлдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, билим берүү уюмунун жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.

Мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпус жана спорт залынан турат. Негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, компьютердик класс, конференц-зал, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстары каралган.

Белгилей кетсек, эски мектептин биринчи имараты 1979-жылы малчылар үчүн турак жай болуп курулуп, кийин мектеп катары колдонулган. Ал эми 1985-жылы бала бакча багытындагы кошумча корпусу салынып, бирок окуучулар билим ала баштаган.