Кара-Сууда жаңыланган асфальт-бетон заводу ачылды

Аймак 8 июнь 2025 14:22
image3 (3).jpg
image4 (1).jpg
image13.jpg
image11 (1).jpg
image6 (1).jpg
Алдыга
Артка
image3 (3).jpg
image4 (1).jpg
image13.jpg
image11 (1).jpg
image6 (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек 08.06.25 /Кабар/. Бүгүн Кара-Суу районунда “Салих Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңыланган асфальт-бетон заводу ачылды.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу катышты.

Алсак, Кара-Суу районунун 90 жылдыгын утурлай модернизацияланган өндүрүштүк жай бардык керектүү заманбап техникалар менен жабдылып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоого багытталган. Долбоордун жалпы наркы 721 млн сом. Завод саатына 300 тонна асфальт, 270 куб бетон чыгарат. 

Кошумчалай кетсек, “Салих Строй” жоопкерчилиги чектелген коому былтыр бюджетке 70 млн сомдой салым кошкон.