Кара-Сууда УКТ мүчөсүнө таандык 4 га жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 17 Февраль 2026 10:14
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.02.13 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.02.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.02.13 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.02.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.02.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.02.12 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.02.12 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-17 at 10.02.12 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Кара-Сууда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнө таандык жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталды.

Кеп болуп жаткан жер "Айыл чарба жерлери" катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган. Бул "Кыргызгипрозем" мамлекеттик ишканасынын расмий маалыматтары менен тастыкталган.

Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкеси мамлекетке акысыз кайтарылды.