Кара-Сууда соода-логистикалык борбор курулууда

Аймак 3 сентябрь 2025 14:36
photo_5312214714077543395_y.jpg
photo_5312214714077543397_y.jpg
photo_5312214714077543398_y.jpg
photo_5312214714077543400_y.jpg
photo_5312214714077543401_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5312214714077543395_y.jpg
photo_5312214714077543397_y.jpg
photo_5312214714077543398_y.jpg
photo_5312214714077543400_y.jpg
photo_5312214714077543401_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 1000 тонна мөмө-жемиштерди сактоого жана тоңдурууга ылайыкташкан соода-логистикалык борбор курулууда.

Суу ресустары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, борбор "Азия Органикс" ишканасы тарабынан курулуп, учура бүтөөрүнө аз калды.

Долбоордун жалпы баасы 28 млн сомду түзүп, Дүйнөлүк банктын “Ош шаарын жана Ош облусун өнүктүрүү” долбоорунун алкагында каржыланууда.

Учурда борбордун курулуш жана тиешелүү документация иштерин аткаруу жүрүп жатат. Жаңы борбор аймактагы айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп, түшүмдү жоготпостон сактоого, сапаттуу логистикага жана ички-тышкы рынокко чыгууга шарт жаратат.

Маалымат үчүн: Жаңы соода-логистикалык борбор ишке берилген соң, фермерлердин продукциясы узак мөөнөт сакталып, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.