Кара-Сууда райондук прокуратуранын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 03 Апрель 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Кара-Сууда райондук прокуратуранын жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага башкы прокурор Максат Асаналиев катышты.

Башкы прокурор райондук прокуратуранын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырууга толук шарттар түзүлүп, жаңы имарат мамлекеттин өнүгүүсүндө, мыйзамдуулукту камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо кызматтык милдеттерди татыктуу аткарууга жаңы дем бере тургандыгын баса белгиледи.

Кара-Суу районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1972-жылы курулуп, эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы имараттын курулушу кыска мөөнөттө толугу менен аяктап, кызматкерлер заманбап жана зарыл болгон шарттар менен камсыздалды.

Учурда мамлекеттин жетекчилиги тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөлдөө ишмердүүлүгүн жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында көптөгөн кызматтык объекттер курулууда.