Кара-Сууда пахтанын эң жогорку сорту менен жүзүмдүн жаңы беш сорту өстүрүлүүдө

Аймак Загрузка... 30 Май 2025 11:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда пахтанын эң жогорку сорту менен жүзүмдүн жаңы беш сорту өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаевдин Ош облусуна болгон иш сапарында белгилүү болду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, министр иш-сапардын алкагында Кара-Суу районундагы бир катар айыл чарба өндүрүштүк үрөнчүлүк кооператив ишканаларынын ишмердүүлүктөрү менен таанышып, көчмө жыйын өткөрдү.

Алгач, 42,2 гектар аянтка гектарынан 75-90 центнерден түшүм алуу максатында тамчылатып сугаруу ыкмасы менен эгилген пахтанын эң жогорку сортунун өсүмдүүлүгүн көзөмөлдөн өткөрүп, дыйкандарга тамчылатып сугаруунун пайдалуулугун жайылтууну тапшырды.

Белгиленгендей, “Отуз-Адыр” мамлекеттик өндүрүштүк үрөнчүлүк ишканасынын жалпы 245,0 га жер аянты бар. Быйыл 39 га күздүк буудай, 22 га күздүк арпа, 58 га жүгөрү, 31 га көп жылдык беде жана 8 га жерге жашылча жана бакча өсүмдүктөрү эгилген. Андан соң, министр Манас айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылындагы “Оомат Агро” айыл чарба өндүрүштүк үрөнчүлүк кооперативинин 3 гектар жерге эгилген жүзүмдүн жаңы 5 сортун жеринен көрдү. 

Бул жүзүмдүн 5 сортунун 4500 даана көчөттөрү, жалпы суммасы 1 млн 200 сомго Өзбекстандан алынып келген. Алсак, “Хусайин белый” сортунан 750 даана көчөтү 0,50 га, “Кишмиш белый” сортунан 750 даана 0,50 га, “Кишмиш черный” сортунан 750 даана 0,50 га, F-1 черный сортунан 750 даана 0,50 га, “Алатар” сортунан 1500 даана 1,0 гектарга эгилип, өстүрүлүүдө. “Оомат Агро” үрөнчүлүк чарбасында жалпы 121,23 га сугат айдоо жери бар. Быйыл 97,0 га жерге пахта, 16,0 гектарга күздүк буудай, 5,23 гектарга жүгөрү ал эми 3,0 га жерге жүзүм айдалган.

"Иш-чаранын соңунда дыйкан-фермерлерге тамчылатып сугаруунун пайдалуулугун жайылтууга өзгөчө көңүл буруу жана зарыл шарттарды түзүү, колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды",-деп айтылат маалыматта.