Кара-Сууда мектептерге компьютер, телевизор жана эмеректер тапшырылды

Аймак 15 октябрь 2025 14:40
562380534_1252616890245386_4618783623048945891_n.jpg
565078898_1252617053578703_3867840995407485249_n.jpg
565693558_1252617103578698_8504906750989816757_n.jpg
565737810_1252616833578725_8044538110946333992_n.jpg
559984263_1252616913578717_4132525814314502546_n.jpg
560918000_1252616993578709_7972520142103017772_n.jpg
561605762_1252616813578727_6137115417501903815_n.jpg
561893765_1252617233578685_2079412837218631850_n.jpg
561988010_1252617206912021_4652179701965067318_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кара-Суу районунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул туралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Кара-Суу районундагы 6 мектепке компьютер, телевизор жана мектеп эмеректерине сертификаттарды тапшырды.

Тагыраагы:

  • М. Тешебаев атындагы №9 мектепке – 8 даана компьютер;
  • К. Зулпиев атындагы №55 мектепке – 5 даана компьютер;
  • С. Аристанбеков атындагы №47 мектепке – 5 даана компьютер;
  • Курманжан Датка атындагы №86 мектепке – 3 класс комплект эмерек жана 2 телевизор;
  • А. Эшматов атындагы №82 мектепке – 3 класс комплект эмерек;
  • А. Шеркулов атындагы №74 мектеп – 2 класс комплект эмерек.

Ошондой эле министр “Наристе-Нуру”, “Маданият-Бүчүр”, “Мөлтүр-Тамчы”, “Бумайрам эне” жана “Ак-Чөлмөк” бала бакчаларына телевизорго сертификат берди.

Мындан тышкары, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар мугалимге “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйлады.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев, мугалимдер, мектеп директорлору жана бала бакчалардын жетекчилери катышты.