Кара-Сууда мектепке 450 орундуу кошумча корпус курулууда

Аймак 03 Сентябрь 2025 11:12
541956565_18077284925068772_8534868408203385428_n (1).jpg
541717493_18077284916068772_3781327809450786702_n.jpg
541956565_18077284925068772_8534868408203385428_n.jpg
542343975_18077284952068772_5074721121105364414_n.jpg
542999948_18077284943068772_5243253111840113446_n.jpg
543365354_18077284934068772_2789290578573580125_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Кара-Суу шаарындагы В. Ленин атындагы мектепке 450 орундуу кошумча корпус курулуп жатат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, наркы 107 млн сомду түзгөн объекттин курулушу өткөн жылдын апрель айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Жалпы аянты 2304 чарчы метр болгон кошумча корпуста заманбап окуу класстарынан тышкары лаборатория, химия, биология жана компьютердик кабинеттер, дарыгердин бөлмөсү, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинети каралган.

Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштеринин 87 пайызы аткарылды. Курулушту жыл аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.