Кара-Сууда пахта станциясынын жаңыланган имараты ачылды

Аймак 12 Декабрь 2025 14:55
1.jpg
597733486_122196505196341273_4126451236542555881_n.jpg
597808779_122196504698341273_2738106390932024539_n.jpg
598814651_122196504806341273_3710508210828681145_n.jpg
598880843_122196504824341273_6692379707188131555_n.jpg
599950107_122196504692341273_3055575560423461301_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Кара-Сууда пахта станциясынын жаңыланган имараты ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышып, капиталдык оңдоо иштерине 33 млн сом жумшалып, 1 788 чарчы метр үч кабаттуу объект оңдолгонун белгиледи.

Эми бул жаңы имарат Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дыйкан-фермерлер үчүн да министрликтин аймактык өкүлчүлүгү катары кызмат кылып, бардык ведомстволук түзүмдөрдүн ишин бир жерден аткарууга шарт түзөт.

Ошондой эле илимпоздор үчүн лаборатория, китепкана, конок бөлмөлөрү сыяктуу заманбап шарттар каралган.

Имаратта ачылган "Фермерлерди тейлөө борбору" аймактагы дыйкан-фермерлердин бардык маселелерин жеринде чечүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: Станция 1926-1927-жылдары Фергана өрөөнүндө пахта өстүрүүнүн илимий негиздерин изилдөө үчүн негизделген жана өлкөнүн өсүмдүк өстүрүү тармагындагы маанилүү мекемелердин бири болуп келет.