Бишкек, 14.01.25 /Кабар/. Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгы сугат тармактарын 2026-жылдын сугат мезгилине даярдоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, учурда районго тийиштүү болгон бардык сугат каналдары тазаланып, алардын нугун тоскон ылай-баткактар алынып, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн техникалар тартылган. Ошондой эле каналдардын жээгинде мыйзамсыз курулган объектилер бузулуп, суу коргоо зоналарын бошотуу максатында бак-дарактар кыйылып, тазалоо иштери жасалууда.
Мындан сырткары, гидротехникалык курулмалар текшерилип, эскирген бөлүктөрү оңдолуп, жаңыланып жатат.
Аталган иштер 2026-жылдын сугат мезгилинде дыйкандарды суу менен үзгүлтүксүз жана өз убагында камсыз кылууга, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Даярдык иштери бекитилген графикке ылайык улантылып, сугат мезгили башталганга чейин толук жыйынтыкталат.