Кара-Сууда борбордук базардын жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 04 Апрель 2025 14:39
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Кара-Суу шаарынын борбордук базарынын жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында алынган базардын жеринин жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзөт.

Тергөөнүн жүрүшүндө жер тилкелерин каттоодо КР жер мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталган. Белгилей кетсек, аталган базардын аймагы "айыл чарба багытындагы жерлер" категориясына кирет, бирок ал иш жүзүндө коммерциялык максатта колдонулган, бул боюнча "Кыргызгипрозем" мамлекеттик ишканасынын расмий маалыматтары тастыктайт.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында аталган рыноктун аймагынын мурдагы ээлерине ижара акысы түрүндө ай сайын 250 миңден 300 миң сомго чейин акча каражаттары келип түшкөнү, ал эми бир соода түйүнүнүн орточо наркы 60 миң долларды түзөрү аныкталган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.