Бишкекте бала бакчанын имараты мэрияга кайтарылды

Коом 1 октябрь 2026 12:40
Бишкекте бала бакчанын имараты мэрияга кайтарылды
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Бишкекте 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Карасаев көчөсүндө жайгашкан социалдык объекттин мыйзамсыз менчиктештирилгени прокуратуранын текшерүүсүнүн жүрүшүндө аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында имарат жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Объекттин жалпы баасы 182 млн 624 миң сом деп бааланган.