Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда Өзбекстандын абактарында кармалып турган эки кыргызстандыктын көйгөйлөрү айтылды.
Жолугушууда президентке жарандардын бири боюнча анын жубайы, экинчиси боюнча апасы кайрылган. Мамлекет башчысы Башкы прокуратуранын өкүлүнө эки жаранды Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле жарандар мекенине кайтарылгандан кийин алардын аракеттерине мыйзамга ылайык баа берилип, кылмышына жараша чара көрүлүшү керектигин белгиледи.