Кара-Сууда салык пломбасын бузуп, товар ташыган учур аныкталды

Экономика 30 сентябрь 2026 15:25
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кара-Суу районунда рейддик салыктык көзөмөл учурунда 304 миң 642 сомдук эсепке алынбаган товар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Жүк ташуучу унааны текшерүүдө Салык кызматы тарабынан коюлган пломба бузулганы жана жүктүн ичинде эсепке алынбаган товар бар экени аныкталган.

Мыйзам бузуу боюнча тиешелүү материалдар даярдалып, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлөт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, контролдук пломбаны өз алдынча бузган же үзгөн адамдарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул каралган. Ал эми эсепке алынбаган товарды жашыргандыгы үчүн айып пул салуу жана товарды конфискациялоо каралышы мүмкүн.