Быйыл Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы курулат

Президент Загрузка... 12 Апрель 2026 17:10
671331501_1525011429633486_2750086613510547515_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Быйыл Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2025-жылы облуста жалпы 14 өнөр жай ишканасы курулса, анын алтоосу Кара-Суу районуна тийиштүү.

“Экономикалык өсүш индустриялаштыруу саясаты менен коштолуп, 2024-жылдан тарта жыл сайын 100 өнөр жай ишканасын ачууну салтка айланттык. Быйыл дагы өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалып, анын ичинде Ош шаарын кошкондо жалпы Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы салынат. 2025-жылы Ош облусу боюнча жалпы 14 өнөр жай ишканасы курулса, анын алтоо Кара-Суу районуна тийиштүү. Райондо көмүр тармагында да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Булар – аймактын өнөр жай потенциалын чыңдоого багытталган чечкиндүү кадамдар”, - деди Садыр Жапаров.