Кара-Сууда бала бакча курууда мамлекетке 2,5 млн сом зыян келтирилген

Аймак Загрузка... 31 Июль 2025 10:55
WhatsApp_Image_279psP5.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Кара-Сууда бала бакча курууда мамлекетке 2,5 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы 50 орундуу бала бакчанын имаратынын курулушунда "С.С." ЖЧКсы жана аталган айыл өкмөттүн кызматкерлери тарабынан иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштери кабыл алуу актыларына киргизилип, анын натыйжасында мамлекетке 2 млн 548 миң 233 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу", "Кызматтык жасалмачылык" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.