Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Бүгүн Кара-Суу районундагы инновациялык питомникте бак отургузуу акциясы өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде 400 түп гилас, 200 түп жүзүм жана 200 түп аралаш бак-дарактар (алма, өрүк, шабдалы, кайың, анар жана башкалар) бар. Көчөт отургузуу иштери Ош мамлекеттик университети тарабынан ички гранттык долбоорлорду колдоо программасынын алкагында уюштурулду.
Акцияга катышкан облус башчысы Аманкан Кенжебаев алгач питомниктин түзүлүшү жана анын максаттары тууралуу адистердин маалыматын угуп, тоо экосистемасын сактоо жана жашыл аймактарды көбөйтүү багытындагы иштерге жогору баа берди. Ошондой эле мындай демилгелерди ар дайым колдоого даяр экенин билдирди.