Чыйырчыкта 400 түп кызыл карагай көчөтү отургузулду

Аймак 01 Июнь 2026 11:45
713471074_1337256548385078_2526950126030022303_n.jpg
710059433_1337256715051728_3553537248785439979_n.jpg
710746351_1337256488385084_3734820349894917218_n.jpg
710890026_1337256385051761_6179888650814661935_n (1).jpg
711533430_1337256625051737_2280820988044171_n.jpg
713805084_1337256428385090_7038719934672642134_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Токой кызматы

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Ош токой чарбасынын Кара-Суу токойчулугуна караштуу Чыйырчык тилкесинде экме токойдун аянтын кеңейтүү жана толуктоо иштери жүрдү. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында атайын жабык тамыр системасында өстүрүлгөн 400 түп кызыл карагай көчөтү отургузулду. Ошондой эле жаш көчөттөрдү сактап калуу максатында экме токойдун айланасын кайрадан бекемдеп тосуу иштери аткарылды.

Бул аянт алгач 2023-жылы "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында негизделген.