Кара-Сууда 21 жаштагы келин асынып каза болду

Кырсык Загрузка... 25 Май 2026 21:30
ec65f214-3288-48cb-a7c8-1e61dcb7dc84.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 21 жаштагы келин үйүндө асынып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан "Кабар" агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү саат түнкү он экилер чамасында Кара-Суу райондук милициясына Ош облусунун ооруканасынан 21 жаштагы А.А. аттуу жаран үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар келген.

Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя боюнча күбөлөр суралып, сөөккө сырттан кароо жүргүзүлгөн.

Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милициядан белгилешкендей, топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.