Кара-Сууда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн механизмдери түшүндүрүлдү

Аймак 26 Март 2026 10:15
2.jpg
1.jpg
654759038_1387701636736910_6884488858053131505_n.jpg
655401432_1387701900070217_1587428946684633977_n.jpg
657369565_1387701870070220_8624171891033663238_n.jpg
658417809_1387701820070225_2995259699336045993_n.jpg
658832196_1387701780070229_1895574502946579910_n.jpg
Алдыга
Артка
2.jpg
1.jpg
654759038_1387701636736910_6884488858053131505_n.jpg
655401432_1387701900070217_1587428946684633977_n.jpg
657369565_1387701870070220_8624171891033663238_n.jpg
658417809_1387701820070225_2995259699336045993_n.jpg
658832196_1387701780070229_1895574502946579910_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов Кара-Суу районунун билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Музулманов 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүү механизми тууралуу кеңири маалымат берди.

Анын айтымында, 2025-2026-окуу жылынын сентябрынан баштап 1, 2, 5 жана 7-класстар 12 жылдык билим берүү программасы менен окуй башташты.

"Бул жылы 3-класстан 8-класска чейинкилер да кошулуп, андан ары профилдик окутууга өтүү пландалууда. Азыр профилдик билим берүүнүн концепциясы иштелип жатат. Ал бекитилгенден кийин мектептер аны кантип айкалыштырары боюнча маселелер каралат", — деди ал.

Ошондой эле ал календардык-тематикалык планга токтолуп, бул мугалимдин жылдык окуу программасын жеке чыгармачылык менен календардык планга бөлүп алышы экенин белгиледи.

Ал эми Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан түзүлгөн план болжолдуу жол көрсөткүч гана болуп саналат жана мугалимдер аны өз каалоосуна жараша өзгөртө алары белгиленди.