Кара-Сууда 100 га жерге өндүрүш аймагы жана кичи шаарча куруу пландалууда

Аймак 14 Июль 2025 10:38
517278853_122176907996368081_3364745902497278569_n.jpg
518196681_122176908020368081_9213166544250919248_n.jpg
518282161_122176907960368081_6211980115576719473_n.jpg
518294623_122176908002368081_2076147429255040765_n.jpg
519898876_122176907966368081_4399004556591030430_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Кара-Сууда Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 100 гектар жерге өндүрүш аймагы жана кичи шаарча курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна жумушчу сапар менен барып, келечекте өндүрүш аймагын жана кичи шаарча куруу пландалып жаткан жерди көрдү.

Иш сапардын алкагында облус жетекчиси жер тилкесинин инвентаризациясы менен таанышып, бул аймакта курула турган өндүрүш аймагынын баштапкы долбоору жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй куруу пландалып жаткан аянт боюнча маалымат алды.

Элчибек Жантаев аталган аймакка алып баруучу негизги жол, таза суу менен камсыздоо жана жалпы инфраструктура маселелерине өзгөчө токтолуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багытта ишти ыкчамдатууну тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Кара-Суу шаарынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, аймакта жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө болот.