Кара-Суу жана Түптө ата-энесинен ажыраган балдарга жер тилкелери берилди

Аймак 2 октябрь 2025 15:40
557594964_1121.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
557551673_1121.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
558085985_1121.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
558043305_1121.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 02.10.25 /Кабар/. Кара-Суу жана Түптө ата-энесинен ажыраган балдарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу жана Ысык-Көл облусунун Түп райондорунун прокуратуралары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ата-энесинен ажыраган алты баланын мыйзамда белгиленген тартипте турак жай менен камсыздалбай келгендиги аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде бул балдарга турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.