Кара-Суу шаарынын канализациясынын курулушу кайра жанданды

Аймак 26 Июнь 2025 14:30
511206719_612402998542351_790386087650151112_n.jpg
511322993_612402778542373_8472597723982939806_n.jpg
511532419_612402885209029_1479456550095097213_n.jpg
511993183_612402741875710_6552258652801437683_n (1).jpg
511993183_612402741875710_6552258652801437683_n.jpg
513197840_612403068542344_3727091180896480602_n.jpg
513245386_612402938542357_170370277308537369_n.jpg
513886235_612403045209013_4567698082724743616_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кара-Суу шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Кара-Суу шаарындагы канализация куруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул долбоор 2017-жылы башталып, Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган. Бирок, айрым себептерден улам иш солгундап, ушул күнгө чейин каржылоо маселеси чечилбей келген.

Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары жана район акиминин аракети менен каржылоо маселеси чечилип, курулуш иштери кайрадан жанданды. Учурда казып-көмүү иштери жүрүп жатат.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана облустук жетекчилер иштер менен жеринде таанышып, бир катар тапшырмаларды беришти.

Долбоордун жүрүшүн жана үзгүлтүксүз улануусун Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Эрмаматов өз көзөмөлүнө алды.