Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадиону жакында пайдаланууга берилет

Аймак 26 Июнь 2025 09:27
511161131_122174523494368081_2173763266788531326_n.jpg
511012827_122174523482368081_498826852724551421_n.jpg
511016425_122174523572368081_5922108867664863294_n.jpg
511024331_122174523266368081_6085623134352940600_n.jpg
511077744_122174523368368081_6755033320179862552_n.jpg
511102992_122174523380368081_6644608290796481765_n.jpg
511129212_122174523524368081_983296168951623041_n.jpg
511198053_122174523434368081_5654527488013341131_n.jpg
511279557_122174523302368081_8176391209201441206_n.jpg
511308857_122174523254368081_122918216309293725_n.jpg
511554900_122174523560368081_7612172487894939287_n.jpg
511912293_122174523290368081_5134539938053183258_n.jpg
513253422_122174523602368081_6626797687689801553_n.jpg
513288009_122174523536368081_7080204064226852414_n.jpg
513357484_122174523446368081_343566789569582603_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионунун курулушу бир айдан кийин толугу менен аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин өкүлү Элчибек Жантаев жумушчу сапарынын алкагында стадиондун курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Анда учурда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап стадиондун курулушу 80 пайызга аяктап, негизги конструкциялар жана футбол талаасы даяр болгону маалымдалды.

Стадионду толук реконструкциядан өткөрүүнүн алгачкы этабында эски курулуштар алынып, гибриддик чөп төшөлүүчү оюн талаасы даярдалды. Эми көрүүчүлөр үчүн 5000 орундуу трибуна орнотулуп, үстү жабылат. Мындан тышкары, стадион түнкү жарыктандыруу, заманбап жуунучу жана кийим алмаштыруучу жайлар, чуркоо тилкеси менен камсыз болот.

Облустун башчысы подрядчы жана жергиликтүү жетекчилерге долбоорго ылайык стадионду июль айынын аягына чейин толук ишке берүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, "Манас" стадионунун курулушуна жалпысынан 274 млн сом каралган. Бул каражат жергиликтүү бюджеттен, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан жана Кыргыз футбол биримдиги тарабынан бөлүнгөн.

Мындан тышкары, облус башчысы жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу шаарындагы таза суу жана саркынды суу чыгаруу системасынын курулушу менен да таанышып, иштердин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аякташын камсыздоо боюнча тиешелүү жетекчилерге эскертүү берди.