Кара-Суу шаарындагы футбол стадионунун курулушу 90 пайызга аяктады

Спорт 26 Август 2025 10:00
539256361_122182411628368081_8995815220195949770_n.jpg
538218313_122182411700368081_3784801730819431847_n.jpg
537336106_122182411646368081_1481245632958080908_n.jpg
536285446_122182411784368081_1302675901138701039_n.jpg
537341770_122182411586368081_1556356456293907407_n.jpg
538145515_122182411892368081_1295591287090736882_n.jpg
538149156_122182411658368081_65974072803969446_n.jpg
538410687_122182411712368081_4983478616621390471_n.jpg
539363746_122182411862368081_762222957615927026_n.jpg
539481215_122182411832368081_8321614142360167722_n.jpg
539651113_122182411616368081_5971322221920342663_n.jpg
539655399_122182411844368081_4777653616188540582_n.jpg
539763804_122182411598368081_6964358305050197011_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионунун курулушу аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин өкүлү Элчибек Жантаев стадиондун курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Маалыматка ылайык, учурда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап стадиондун курулушу 90 пайызга аяктап, негизги конструкциялар жана футбол талаасы даяр болгон. Стадион 5000 орунга ылайыкталып, үстү жабылат.

Мындан тышкары, стадион түнкү жарыктандыруу, заманбап жуунучу жана кийим алмаштыруучу жайлар, чуркоо тилкеси менен камсыз болот.

Облустун башчысы стадиондогу иштер менен таанышып, подрядчы уюмдарга жана жергиликтүү жетекчилерге бардык курулуш иштерин долбоорго ылайык толук бүтүрүү тапшырмасын берип, стадионду ишке берүү, салтанаттуу ачылышына карата даярдык көрүү иштерин талкуулады.

Белгилей кетсек, "Манас" стадионунун курулушуна жалпысынан 274 млн сом каралган. Бул каражат жергиликтүү бюджеттен, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан жана Футбол биримдиги тарабынан бөлүнгөн.