Кара-Суу шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 9 август 2025 21:41
528720354_122180315672368081_2614345170364166415_n.jpg
528874050_122180315732368081_3071674693525611518_n.jpg
529750689_122180315690368081_7967001079320214849_n.jpg
529390828_122180315582368081_416782495062816797_n.jpg
530222746_122180315570368081_7894216251235100690_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.07.25 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу жана аларды бузуу боюнча иштер уланууда.

Бүгүн, 8-август күнү, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жана Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев Кара-Суу шаарынын Эркин айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жетекчилер жүргүзүлүп жаткан иштер мыйзам чегинде экенин белгилешип, бузулуп жаткан турак үйлөр мунапыстан кийин, 2022-жылдан тартып салына баштаганын эскертишти.

Бул иштердин негизги максаты – коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо болуп саналат.