Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чыйырчык жайдоосунда 30 гектар жерге 15 миң көчөт отургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Жашыл мурас" улуттук программасынын алкагында колго алынып жаткан бул саамалык ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана министрликке караштуу Токой кызматынын адистери тарабынан ишке ашырылды.
Мындай аракеттер аймакта сел кырсыктарынын алдын алуу, жаратылышты, токой экосистемаларын байытуу жана экологияны коргоого өбөлгө түзмөкчү.