Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүндө жер тилкесин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
ИИМден билдиришкендей, тергөөнүн жүрүшүндө 12,29 гектар аянтты түзгөн таза жайыт жер тилкеси трансформациядан өтпөгөнүнө карабастан, мыйзамсыз түрдө 27 жаранга 600 чарчы метрден жеке турак жай куруу үчүн берилгени аныкталды. Натыйжада мамлекетке 13 млн 770 миң сомдук зыян келтирилгени белгиленди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.
Шектүүлөр катары Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.К., жер-адиси С.Б., мамлекеттик курулуш департаментинин түштүк региону боюнча адиси К.А. кармалган. Аларга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.