Кара-Суу районунда мыйзамсыз аң уулаган жаранга айып салынды

Аймак 07 Октябрь 2025 09:00
558891439_798136106172854_5791924334232163595_n.jpg
558673260_798136212839510_7744453025809711555_n.jpg
558915984_798136359506162_9105321734053378124_n.jpg
Алдыга
Артка
558891439_798136106172854_5791924334232163595_n.jpg
558673260_798136212839510_7744453025809711555_n.jpg
558915984_798136359506162_9105321734053378124_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Кара-Суу районунда мыйзамсыз аң уулоо фактысы аныкталды. Блу тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-октябрда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору NABU уюмунун кызматкерлери менен биргеликте Кырк-Кечүү участкасында рейд жүргүзүштү.

Рейддин жүрүшүндө аң уулоо эрежелерин бузуп, 6 баш кекилик аткан жаран аныкталды.

Ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин негизинде 10 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, келтирилген экологиялык зыян үчүн жалпы 12 миң сом өлчөмүндө доо коюлду.

Ошондой эле рейд маалында аңчылыкка чыккан бир нече жарандар менен жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кызмат жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, ошондой эле аңчылык эрежелерин так сактоого чакырат.