Кара-Суу районунда күздүк пияз жана сарымсак эгилди

Аймак Загрузка... 09 Сентябрь 2025 15:50
IMG_7587.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Ош облусунун, Кара-Суу районунда күздүк пияз жана сарымсак эгилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Г. Таиров" үрөнчүлүк чарбасында сыноо катары күздүк пияздын үрөнү эгилди. Ал кийинки жылдын май айында түшүмүн бере баштайт.
Бул демилге жергиликтүү үрөн фондун көбөйтүп, фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоого багытталган.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистеринин айтымында, пияз жана сарымсак Кыргызстанда суроо-талап жогору айыл чарба продукцияларынын катарына кирет.

Мындан сырткары, министрлик дыйкандарды күздүк буудай себүүгө чакырат.

Анткени күздүк буудайдын артыкчылыктары жазгыга салыштырмалуу көбүрөөк:

  • Жаздык буудайга салыштырмалуу 20% көп түшүм берет.
  • Эрте бышат, талааны эрте бошотууга мүмкүндүк түзөт.
  • Кургакчылыкка туруктуу, себеби күзүндө топуракта ным жетиштүү болот.
  • Отоо чөптөр азыраак чыгып, өсүмдүккө азыктар жакшы сиңет.
  • Жазгы жумушту жеңилдетет, фермерлерге убакыт үнөмдөйт.