Кара-Сууда мыйзам бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Аймак 17 Сентябрь 2025 13:45
549836743_18078538103068772_3376045338122835006_n.jpg
550259232_18078538112068772_7220730090143871886_n.jpg
550365945_18078538121068772_464898458803422027_n.jpg
Алдыга
Артка
549836743_18078538103068772_3376045338122835006_n.jpg
550259232_18078538112068772_7220730090143871886_n.jpg
550365945_18078538121068772_464898458803422027_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Кара-Суу районунун Социализм айылындагы сүттү кайра иштетүүчү цехтин курулушу текшерилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө цехтин курулушунун техникалык регламенти, курулуш ченемдери, эрежелери жана алар менен байланышкан бир катар ченемдик укуктук актлардын бузулгандыгы аныкталды.

Мындан улам акт түзүлүп, курулуш иштерин жургүзүп жаткан "Ала-Тоо Амир" ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

"Бүгүнкү күндө компания тарабынан курулуштагы кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Курулуш министрлиги курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет.