Кара-Сакал – Токбай – МТФ-2 унаа жолу асфальтталып бүттү

Аймак 1290 08 Апрель 2026 10:31
661448875_18048003680733957_1822075575564905240_n.jpg
668966752_18048003671733957_3682500355267769409_n.jpg
Алдыга
Артка
661448875_18048003680733957_1822075575564905240_n.jpg
668966752_18048003671733957_3682500355267769409_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Кара-Сакал – Токбай – МТФ-2 унаа жолу асфальтталып бүттү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №1 Жол тейлөө ишканасынын филиалы тарабынан аталган унаа жолдо оңдоо иштери толук аяктап, колдонууга берилди.

Анда жалпы узундугу 2,7 чакырымды түзгөн тилкеде жолдун үстүңкү катмарын жаңылоо иштери жүргүзүлдү.