Кара-Ойдогу саркынды суусу ташыган эс алуу жайына айып салынды

Аймак 28 Июль 2026 10:25
WhatsApp Image 2026-07-28 at 07.41.31 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-28 at 07.41.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-28 at 07.41.32.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-28 at 07.41.31 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-28 at 07.41.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-28 at 07.41.32.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайынын аймагында жайгашкан тамактануучу жайда саркынды суулардын ташып кеткени аныкталып, жооптуу тарапка 10 миң сом айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү интернет булактарында тараган маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Академия наук” эс алуу жайынын аймагындагы кафелердин биринде саркынды суулар топтолуучу септикалык курулма толуп кеткендиги тастыкталды.

Жооптуу тарапка административдик айып пулдан сырткары, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилди.