"Кара. Кызыл.Сары." көркөм тасмасы Шанхайдагы кинофестивалда ат салышат

Маданият Загрузка... 13 Июнь 2025 14:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 13.06.25 /Кабар/. XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалында режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл.Сары." аттуу көркөм тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот жана ал негизги конкурстук программада ат салышат. Бул тууралуу режиссер социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

Бүгүн башталган кинофестиваль 22-июнга чейин уланат.

Тасма жазуучу Т.Шайдуллаеванын новелласынын негизинде жазылып, “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы тарабынан тартылган. Тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Бул жылы негизги конкурста Golden Goblet Awards сыйлыгы үчүн Чили, Бразилия, Кытай, Польша, Германия, Япония жана Португалия өлкөлөрү жарышышат. Калыстар тобунун төрагасы - “Оскар” жана “Золотой глобус” сыйлыктарынын ээси, италиялык режиссёр Джузеппе Торнаторе.

Белгилей кетсек, Актан Арым Кубат 2023-жылы Шанхай кинофестивалында башталгыч режиссерлордун “Азиянын жаңы таланттары” конкурсунун калыстар тобуна төрагалык кылган.

Маалымат үчүн: Шанхай эл аралык кинофестивалы — Борбор Азиядагы жана Кытайдагы, Кинопродюссерлер ассоциациясынын эл аралык федерациясы (FIAPF) тарабынан аккредитацияланган, “А” класстагы ири фестиваль. 1993-жылы негизделген. Ар жылы фестивалга жүздөн ашык өлкөдөн эки миңге жакын тасма, 500 миңдей көрүүчү катышып келет.