“Кара. Кызыл. Сары” тасмасынын коюучу оператору эл аралык сыйлыкка татыды

Маданият 28 Ноябрь 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-11-28 at 10.52.16 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-28 at 10.52.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-28 at 10.52.16.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-28 at 10.52.16 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-28 at 10.52.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-28 at 10.52.16.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. “Кара. Кызыл. Сары” тасмасынын коюучу оператору Талант Акынбеков эл аралык “Алмаз Көпөлөк” сыйлыгына татыды. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынан кабарлашты.

Анда белгиленгендей, “Кыргызфильм” студиясында тартылган режиссёр Актан Арым Кубаттын бул тасмасы Евразия киноакадемиясы тарабынан мыкты оператордук иши үчүн сыйланды.

Киноакадемия быйылкы жылдын апрель айында маданий кино платформа катары ачылып, анын алкагында “Алмаз Көпөлөк” сыйлыгы негизделген.

Мыкты оператор номинациясын жеңип чыккан Талант Акынбековго сыйлыктын статуэткасын режиссёр Клим Шипенко тапшырды.