Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" аттуу толук метраждуу көркөм тасмасы 21-25-август күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн "Эң мыкты тасмалар жумалыгы" иш-чарасына да катышат. Бул тууралуу “Кыргызфильм" улуттук киностудиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кино жумалык Кытайтын Циндао шаарында өтөт. Жергиликтүү көрүүчүлөр эки апта бою ШКУ өлкөлөрүнүн эң мыкты 30дан ашуун тасмасын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Буга чейин аталган тасма июнь айында XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалынын баш байгесине ээ болгон.
Анда кыргыздын, анын ичинде башкы каарман Турдугүлдүн килем токуу өнөрү жана анын кеч келген махабаты, үй-бүлөлүк жоопкерчилик чагылдырылган. Фильмдин аталышы килемдеги өңдөргө байланыштуу коюлган.
Анын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери 2024-жылы Баткен облусунда жүргүзүлгөн.