Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 китеп жарык көрдү

Коом 28 май 2025 09:00
WhatsApp Image 2025-05-28 at 08.55.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-28 at 08.55.01.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-28 at 08.55.00 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-28 at 08.55.00.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-28 at 08.54.59.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-28 at 08.54.58.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-28 at 08.54.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-28 at 08.54.51.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек 28.05.25 /Кабар/. Кечээ, 27-майда А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата басылган 100 китептин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, аталган 100 китептин катарында 1958–1960–жылдары профессор Б.М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы менен жарык көргөн “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору, ошондой эле кыргыз адабиятынын баштоочуларынын эмгектери, классик акын-жазуучулардын көркөм чыгармалары бар.

Салтанаттуу иш-чарага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин төрайымы, депутат Винера Раимбачаева, Кыргыз эл Баатырлары Апас Жумагулов жана Медеткан Шеримкулов, Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, ошондой эле акын-жазуучулар, окумуштуулар, маданият өкүлдөрү жана китеп сүйүүчүлөр катышып, куттуктоо сөзүн айтышты.

Китеп майрамы концерттик программа менен коштолду.