Кара-Кулжанын Ылай-Талаа айылында жаңы мектеп курулууда – эскиздери

Аймак Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 09:45
2.jpg
748088812_1566632601758297_8084296986458373401_n.jpg
749270418_1188493796800508_8273275159723056091_n.jpg
747969982_2142645219616341_7017425363324396491_n.jpg
748938905_1946094259381307_4235117483692649053_n.jpg
749214135_1585883126286064_7920977024649297902_n.jpg
749403880_1015431607866714_9037076813636598660_n.jpg
751136442_1037072555381092_9017317740826044399_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында Т. Назаров атындагы жаңы мектеп курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 124 млн сомду түзөт.

"Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 1630 чарчы метрди түзүп, 150 окуучуга ылайыкталган. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залдан турат. Мындан тышкары, аймакка кичи футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулат", - деп айтылат маалыматта.

Объекттин курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө лифт орнотулуп, жылытуу жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.