Кара-Кулжадагы кооператив силос өндүрүүнү көбөйтөт

Аймак Загрузка... 23 Апрель 2026 09:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин базасында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан семинар-кеңешме уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда адистер дыйкан-фермерлерге өз тармактары боюнча кеңештерди берип, практикалык сунуштарын ортого салышты. Айрыкча жүгөрү өстүрүүнүн заманбап ыкмалары, сапаттуу силос даярдоонун технологиялары жана агротехнологияларды туура пайдалануу маселелери каралды.

Белгиленгендей, “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи өткөн жылы 300 тонна силос өндүргөн болсо, 2026-жылы бул көрсөткүчтү 3000 тоннага жеткирүүнү пландоодо. Бул максатка жетүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу, өндүрүштү кеңейтүү жана агротехникалык талаптарды так сактоо зарылдыгы айтылды.

Мындай семинар-кеңешмелер дыйкан-фермерлердин билимин жогорулатууга, айыл чарба тармагында жаңы ыкмаларды жайылтуу жана жазгы талаа иштерин сапаттуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.