Кара-Кулжадагы ирригациялык каналдын курулушу быйыл аяктайт

Аймак 29 май 2025 12:45
4582b883-9c0b-4931-8b18-34b31ba9b81c (1).jpg
f2454aab-5ae0-4cd3-bbfd-9ac9ee258c06.jpg
a703d41e-0eb0-49d6-a938-4dae5e8d3c29.jpg
99d06c72-f818-47dc-9708-20f62941e3c7.jpg
68a75604-2ee9-4143-aca4-07c2f8186b30.jpg
09f26d47-337e-438e-8108-35dfb38eef7a.jpg
Алдыга
Артка
4582b883-9c0b-4931-8b18-34b31ba9b81c (1).jpg
f2454aab-5ae0-4cd3-bbfd-9ac9ee258c06.jpg
a703d41e-0eb0-49d6-a938-4dae5e8d3c29.jpg
99d06c72-f818-47dc-9708-20f62941e3c7.jpg
68a75604-2ee9-4143-aca4-07c2f8186b30.jpg
09f26d47-337e-438e-8108-35dfb38eef7a.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.05.25. /Кабар/. Кара-Кулжада “Карагуз – Жаңы Талаа” жаңы ирригациялык канал курулууда.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган каналдын курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Бул канал Кара-Кулжа районундагы сугат суу жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө багытталган маанилүү гидротехникалык объект болуп саналат.

Каналдын жалпы сугат аянты 680 гектарды түзөт, узундугу 7,2 км.

Канал Кара-Кулжа айыл өкмөтүндөгү Сары-Камыш айылын жана Карагүз айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Талаа жана Кеңеш айылдарын сугат суу менен камсыздайт.

Аталган аймактарда негизинен буудай, арпа, көп жылдык өсүмдүктөр жана жашылчанын бардык түрлөрү өстүрүлөт. Жаңы канал ушул эгиндерди толук кандуу сугат суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт.

“Ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатууга, сугат маселелерин системдүү чечүүгө жана айыл жергесинде жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Мындай инфраструктуралык долбоорлор — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана агрардык потенциалын толук пайдаланууга кызмат кылат”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Каналдын курулуш иштери 2023-жылдын күзүндө башталган, 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.