Кара-Кулжада жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Аймак Загрузка... 14 Ноябрь 2025 17:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кулжа районунда жүндү кайра иштетүүгө багытталган жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага айыл чарба министринин орун басары Бектен Болотбеков катышып, ишканага "30+20+10" программасынын алкагында колдоо көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Программадан гранттык негизде тандалып алынган жеке ишкер Айгүл Матаевага "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонду тарабынан 3 млн 860 миң сом көлөмүндө пайызсыз насыя берилди.

Берилген каражаттын ичинен:

  • 3 млн сом — жүндү кайра иштетүүчү жабдууларды сатып алууга;
  • 860 000 сом — ишкердин жүгүртмө каражатына багытталды.

Жаңы өндүрүштүк жабдуулар Россиядан сатып алынып, ишкана толук комплектацияланды. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик ишкерге ишкана жайгаштырууга ылайыктуу имарат бөлүп берди.

Ишкананын ишке кириши менен 10 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бул Кара-Кулжа районундагы кайра иштетүү тармагынын өнүгүшүнө, жергиликтүү тургундардын иш менен камсыз болушуна жана аймактык экономиканын активдешүүсүнө олуттуу салым кошот.