Кара-Кулжада жер көчкү активдешип, турак үйгө коркунуч жаралды

Аймак 24 Февраль 2026 17:21
641354578_1323255633180493_1759892517778107205_n.jpg
641381959_1323255636513826_6324021590434134867_n.jpg
641377116_1323255726513817_4586880627393941711_n.jpg
641662674_1323255809847142_1767024455828371439_n.jpg
641399966_1323255639847159_3981534377287269599_n.jpg
641461787_1323255709847152_494364409892104815_n.jpg
641501963_1323255723180484_3194191650304750091_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Кара-Кулжада жер көчкү активдешип, бир турак үйгө коркунуч жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Рысбай Абдыкадыров айыл аймагынын Сагын уулу участкасында бүгүн эски жер көчкү активдешкени байкалып, бир турак жайга кооптуу абал жаралганы аныкталды.

ӨКМдин адистери райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча атайын шаймандардын жардамында (GNSS, дрон) жеринде изилдөө иштерин жүргүзгөн.

"Натыйжада турак жайдын ээсин коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыктын алдын алууга багытталган сунуштарды берүү чечими кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.