Кара-Кулжада жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак 1 октябрь 2025 16:36
whatsappimage20251001at1540181-89668dcf8c8c60c46.36820740.jpg
whatsappimage20251001at154035-48368dcf8c8c73fa3.64438332.jpg
whatsappimage20251001at154034-63968dcf8c8c71097.94992278.jpg
Алдыга
Артка
whatsappimage20251001at1540181-89668dcf8c8c60c46.36820740.jpg
whatsappimage20251001at154035-48368dcf8c8c73fa3.64438332.jpg
whatsappimage20251001at154034-63968dcf8c8c71097.94992278.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Ннаркы 183 миллион сомду түзгөн мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат.

Жалпы аянты 3503 чарчы метр болгон объектин курулуш-монтаждоо иштери “Мастер Строй Сервис и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлөт.

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Мектептин эски имараты 184 орунга ылайыкталып 2013-жылы иштеп баштаган.