Кара-Кулжада жаңы Калкты тейлөө борбору курулууда

Коом 27 август 2025 13:47
539245617_18076644731068772_7740084485967031966_n.jpg
539176196_18076644740068772_7424865650515885836_n.jpg
539428084_18076644749068772_1634505913911636267_n.jpg
Алдыга
Артка
539245617_18076644731068772_7740084485967031966_n.jpg
539176196_18076644740068772_7424865650515885836_n.jpg
539428084_18076644749068772_1634505913911636267_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 27.08.25 /Кабар/. Кара-Кулжа районунда үч кабаттуу Калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Малыматка ылайык, учурда жер төлөнүн темир-бетон дубалдарынын курулушу аяктап, биринчи кабаттын колонналарына бетон куюлууда.

Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 150 млн сомду түзөт. Курулуш иштери Ош облустук архитектура башкармалыгынын долбоору боюнча аткарылууда, подряддык уюм "Чин-Алин" ЖЧКсы.

Объектини пайдаланууга берүү 2025-жылдын декабрь айына пландаштырылган.