Кара-Кулжада жаңы автобекет жана маданий борбор курулат

Аймак 1609 18 Апрель 2025 16:12
491807882_122163635648368081_1794513942817959572_n.jpg
490322505_122163635684368081_8361351185584162279_n.jpg
490654350_122163635672368081_8690795167509189098_n.jpg
491776349_122163635660368081_6830833321152104601_n (1).jpg
Алдыга
Артка
491807882_122163635648368081_1794513942817959572_n.jpg
490322505_122163635684368081_8361351185584162279_n.jpg
490654350_122163635672368081_8690795167509189098_n.jpg
491776349_122163635660368081_6830833321152104601_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Кара-Кулжа районунда 4 гектар аянтка заманбап автобекет жана коомдук-маданий борбор курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев районго болгон жумушчу сапарынын алкагында маалым болду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жаңы долбоорго ылайык, жергиликтүү тургундар жана райондун коноктору үчүн бардык талаптарга жооп берген, 3 кабаттуу коомдук-маданий борбор салынып, анын айланасында бардык айыл аймактарга багытталган жүргүнчү ташуучу автобекет курулат.

Иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы долбоордун баштапкы үлгүсү менен таанышып, пландалган иштер боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тиешелүү жетекчилерге бир катар сунуштарды берди. Ошондой эле ал долбоор сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керектигин баса белгилеп, конкреттүү тапшырмаларды койду.

Бул ири долбоор президент Садыр Жапаровдун түз колдоосу жана Элчибек Жантаевдин аракети менен Кара-Кулжа районунун инфраструктурасын жакшыртууга, калкка ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.