Бишкек, 05.05.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун бир нече айыл аймактарында селдин кесепеттери жоюлууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайвк, учурда Р. Абдыкадыров, Кара-Гуз, Ылай-Талаа жана Кара-Кочкор айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери активдүү жүрүп жатат.
“Тийиштүү техникалар тартылып, жабыркаган аймактарды мурдагы калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.