Кара-Кулжада мыйзамсыз менчикке берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 02 Июнь 2025 17:58
c0b72bd5-8388-4c8b-a8be-a6374e10591b.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Кара-Кулжада мыйзамсыз менчикке берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы 6 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси “М.” дыйкан чарбанын менчигине мыйзамсыз бекитилип берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 3,9 млн сомдук 6 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.