Кара-Кулжада 70 млн сомго заманбап бала бакча курулду

Аймак Загрузка... 25 Ноябрь 2025 18:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза айылында наркы 70 млн сомду түзгөн жаңы бала бакча курулду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө салынды.

Башкы планга ылайык, бала бакча 120 орунга ылайыкталган эки кабаттуу имараттан турат. Курулуш-монтаждоосу заманбап талаптардын негизинде аткарылды.